Өкмөт башчы АКШда эл аралык өнүктүрүү агенттигинин администратору менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, тараптар айыл жерлеринде жана алыскы райондордо жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.

Мындан тышкары билим берүү, энергетика, айыл чарба, санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан