"Тазалайбыз". Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке дагы туура эмес адамдар келип алганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш коррупционерлерден тазалана турганын айтты.

Ташиев кечээ, 17-апрелде сөз сүйлөп жатып Жогорку Кеңешке дагы туура эмес адамдар келип калганын айтты.

"Айрыкча Жогорку Кеңешке депутат болом деген кандидаттар добуштарды сатып алып, эптеп ошол жерге барып калсам "ойду омкоруп, тоону томкоруп ийем" дешет да. Андай эмес экенине өзүңөр күбө болуп жатасыңар. Айрыкча ошол таза депутаттардын Жогорку Кеңешке барышына шайлоочуларыбыз кызыкдар болушу керек. Коррупционер, мамлекетти уурдаган, зыянкеч адам экенин билип туруп деле акчасына кызыгып шайлаганды токтотушубуз керек. Парламентти тазалоону көрүп жатасыздар, парламентке дагы туура эмес адамдар келип калган. Ошол адамдарды тазалоо жүрүп жатат жана мындан ары дагы жүрөт", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан