"Абдыш-Ата" австралиялык "Централ Кост Маринерс" клубу менен оюнда тең чыкты

Кечээ, 17-апрелде Бишкекте "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун 2023/2024 интерзоналдык финалынын биринчи беттешин өткөрүп, оюн тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюмунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ата мекендик клуб австралиялык "Централ Кост Маринерс" клубу менен кез келген.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, беттештин биринчи бөлүгү голсуз тең чыгуу менен аяктады.

Экинчи бөлүк дагы салыштырмалуу командалардын тең тирешүүсү менен өттү, бирок оюндун 80-мүнөтүндө австралиялык клуб стандарттык абалдан гол жаратты.

Ал эми канттык клубдан, атап айтканда, Магамед Узденов оюндун аяктаарына жакын калганда эсеп санын теңеп кетти.

Ошону менен беттеш 1:1 эсебинде клубдардын тең чыгуусу менен аяктады.

Жооптук беттеш 24-апрелде Госфорддо (Австралия) өтөт.

Жуптун жеңүүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн "Аль-Ахед" (Ливан) жана "Аль-Нахда" (Оман) клубдары ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан