"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгуу макулдашылды 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында Дүйнөлүк банктын экономика жана финансы боюнча аймактык директору Асад Алам жана Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү боюнча вице-президенти Мамта Мерти менен жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Асад Алам менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы өлкөлүк экономикалык меморандумдун долбоорун жана өнөктөштүктүн алкактык стратегиясын талкуулоо маселеси болсо, ал эми Мамта Мерти менен социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланганын билдирди.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Самех Вахбанын жолугушуусу болуп, анда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы айыл жана суу чарба чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселеси болду.

Тараптар дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын контекстинде бул маселелерди талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүгүн иш жүзүндө бекемдөө боюнча макулдашуу жетишилди, атап айтканда, тараптар "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан