Бекешев министрдин пенсия курагындагы мугалимдердин сааттарын кыскартуу чечимин сынга алды

Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жакында пенсия курагындагы мугалимдердин мектептерде сааттары кыскартыла турганын айтып, бул көрүнүш туура эместигин белгиледи.

"Алар иштегиси келет, тажрыйбасы мол. Конституцияда жынысына жана жаш курагына карап басмырлоого жол бербеген берене бар. Пенсия курагындагы адамдарды басмырлоого жол берилбейт. Аларды бардык жерден кууп чыксак, эмне кылышат?"- деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал билим берүү министрине өзү да жакында пенсия курагына жетерин белгилеп, бул маселени кайрадан тыкыр карап, жакшылап ойлонуп чечим кабыл алууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 18.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан