Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

Бүгүн, 18-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен жөнөп кетти. 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болот.

"Сапардын алкагында "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев;

- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Талантбек Иманов;

- Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов;

- Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев;

- Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев коштоп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан