Бишкекте ТүркПАга мүчө мамлекеттердеги соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого багытталган семинар өттү

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердеги соода-экономикалык мамилелерди өз ара чыңдоо механизми катары соода миссиялары жана аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча семинар өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргедей, аталган семинар ТүркПАнын экономикалык кызматташуу комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында өткөрүлүп, анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн эл өкүлдөрү түрк тилдүү мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин чыңдоо жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбеков билдиргендей, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин чыңдоонун орчундуу механизми катары соода миссиялары жана аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү - бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири. Тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде соода миссиялар маанилүү ролду ойнойт. Анткени алар мамлекеттер, компаниялар жана ар кандай ишкердик менен алектенген субъектилердин ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Атап айтканда: сооданы алдыга жылдыруу, инвестиция тартуу, тажрыйба жана билим алмашууну, дипломатиялык мамилелерди чыңдоону жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат.

Ал эми ТүркПанын Башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр бүгүнкү күндө түрк мамлекеттери өз ара сооданын көлөмүн интенсивдүү түрдө көбөйтүүдө жана алардын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдагы 33 миллиард доллардан 2023-жылы 42 миллиард долларга чейин өскөнүн билдирди. Мындан тышкары Туран СЭЗдин өнөр жай аймагы, Түрк инвестициялык фонду сыяктуу экономиканы өнүктүрүүгө, коммерциялык активдүүлүктү арттырууга жана ишкердик долбоорлорду активдештирүүгө багытталган ири долбоорлор түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн биргелешкен экономикалык демилгелерин камтыйт.

Иш-чаранын алкагында өнүгүүнүн жаңы стратегияларын жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоодо инновациялык ыкмаларды колдонуу, түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу каралды.

Белгилей кетсек, ТүркПАнын экономикалык кызматташуу комиссиясынын 11-жыйыны Кыргызстанда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан