Бишкекте самбо боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат

Бишкекте спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп жатат. Бул жөнүндө Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, мелдеш кечээ, 18-апрелде башталып, республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашууда:
Спорттук самбо (балдар): 46, 49, 53, 58, 64, 71, 79, 88, +88 килограмм;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 килограмм;
Спорттук самбо (кыздар): 41, 44, 47, 50, 54, 59, 65, 72, +72 килограмм.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 20-апрель күнү жыйынтыкталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан