Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар менен жолукту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруу, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, тоо-кен өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерди талкуулады.
Алар эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтула тургандыктарын ырасташты.