Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 19-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстанга болгон расмий сапардын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан башка ал бүгүн тараптар тарыхый документке – Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейип жатканын айтты. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 миллиард долларга жетип, 26 пайызга өскөн. Ал бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин баса белгиледи.

Өз учурунда Садыр Жапаров жылуу кабыл алуусу, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан эң жакын коңшу, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатындагы өзгөчө артыкчылыктуу орунга ээ болгон боордош мамлекет экенин айтты. Ошондой эле ал Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

"Тараптар жакынкы келечекте боордош эки элдин кызыкчылыгында ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Соңунда эки тарап тең стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелердин духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан