Бүгүн, 19-апрелде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Париждеги Олимпиадага жолдомо утуп алды.
65 килограммга чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды. Ал эми жарым финалда Кванг Жин Ким аттуу Түштүк Кореядан келген балбан менен күч сынашып, 5:3 менен жеңип, жолдомо утту.
Эске салсак, Азиялык олимпиадалык квалификациялык мелдеш Бишкекте өтүүдө. Аталган мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алат.