Мээрим Жуманазарова мурдун каната сүзгөн казак балбанын жеңди

Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан лицензиялык турнирдеги беттеште казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды.

Эске салсак, балбан кыздар былтыр Азия чемпиондугунда кез келип, анда Шалыгина Жуманазарованын мурдун каната сүзгөн. Жыйынтыгында казакстандык спортчу утту деп саналган.

Кийин Мээрим Жуманазарова башка беттеште атаандашынан реванш алган.

Бүгүнкү мелдеште Жуманазарова Шалыгинадан кийин индиялык спортчуну дагы далысын жерге тийгизип утту. Эми түндүк кореялык балбан менен күч сынашат.

Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан турнирде Париж олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан