Азиянын алты жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган Мээрим Жуманазарованы жеңиши менен куттуктады. Анын Жуманазарованы бетинен өөп, кучактап жаткан жагымдуу видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
"Мындан ары бир гана жеңиштер болсун! Өзүңө ишенген күчтүү кызсың. Сага ишенебиз!", - деген анда Айсулуу Тыныбекова.
Эске салсак, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган. Ал 68 килограмм салмакта күрөшүп, өзбекстандык спортчуну 7:2 эсеби менен жеңген.
Ушуну менен Кыргызстандын капчыгында быйыл жайкы Олимпиадага сегиз жолдомо бар.