Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен бүгүн, 21-апрелде билдиришти.
Ал 67 килограммга чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту.
Буга чейин Түштүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган.
Эске салсак, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.