24-26-апрель күндөрү Ош шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортчу катышат.
Спортчулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
- балдар 45, 49, 55, 61, 67, 73, 81, 96, 102 жана 102+ килограмм салмакта;
- кыздар 40, 45, 49, 59, 64, 71, 71+ килограмм салмакта.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулууда.