Бишкекте бир жылдык гүлдөр отургузула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, борбор калаага жоогазындардын ордуна петуния, сальвия, тагетес, алиссум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөр отургузулат.
"Быйылкы жылы 1 миллион 400 миң бир жылдык гүлдөрдүн ачык түстөрү борбор калаанын бардык аймактарында, тактап айтканда, "Жеңиш" аянтында, "Ала-Тоо" аянтында, Эмен паркында, Пушкин көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Театралдык скверде, Дене тарбия скверинде гүл ачат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, гүлдөр "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулууда.