Бүгүн, 24-апрелде футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия кубогунун чейрек финалынын алкагында күчтүү делген Иран курамасына каршы ойнойт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө "Бангкок Аренада" башталат.
Бул жуптун жеңүүчүсү Азия кубогунун жарым финалына чыгат жана ушул жылдын сентябрь айында Ташкентте өтө турган футзал боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утат.