Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөк пулу төлөнөбү? Бул суроого Социалдык фонддон жооп берди.
Ага ылайык, эгерде пенсионер көзү өтүп кетип, үй-бүлө мүчөсү жок болуп, башка адамдар тарабынан көмүлсө, ырастоочу иш кагаздары берилгенде сөөк коюу жөлөк пулу ошол адамдарга төлөнөт.