Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) дисциплинардык комитети 5-7-апрелде Бакуда өткөн лицензиялык турнирдин алкагында италиялык Фрэнк Чамизо менен азербайжандык Туран Байрамовдун беттеши боюнча чечим чыгарды.
UWW чечимине ылайык, Байрамов беттештин жеңүүчүсү болуп табылган. Анткени UWWнын 53-беренесине ылайык, жеңүүчү килемде жарыялангандан кийин беттештин жыйынтыгын өзгөртүүгө болбойт. Бирок ошол эле учурда уюм калыстардын катасын моюнуна алып, ошол беттеште калыс болгондорду 2 айдан 8 айга чейинки мөөнөткө дисквалификация кылды.
8-апрелде Бакуда өтүп жаткан лицензиялык турнирде Туран Байрамов менен Фрэнк Чамизо жарым финалда кез келген. Бул жуптун утканы финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алмак. Жыйынтыгында Чамизо Байрамовго 8:8 эсебинде талаштуу түрдө жеңилип калган.
Беттештен кийин Чамизо Азербайжан тарап жеңилүү үчүн ага 300 миң доллар сунуштаганын, бирок ал баш тарткандан кийин ошол акчаны калыстар алышы мүмкүн экенин айткан.