Ош шаарында бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул жөнүндө шаардык мэриядан кабарлашты.
Жазылган маалыматка ылайык, иш-чара 30-апрелде саат 9:00дөн баштап 13:00гө чейин өтөт.
Жарманкеге шаардагы 40тан ашуун компания катышат. Анда 500дөн ашуун ар тармактагы бош жумуш орундары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Дареги: С. Ибраимов атындагы улуттук драма театры.