Ошто майыптыгы бар адамдардын арасында шахмат, шашки, футбол, аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
"Аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, майыптыгы бар жарандарды колдоо, дене тарбия жана спортко тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу алардын маанайын көтөрүү максатында өткөрүлүп келет",-деп айтылат маалыматта.