Орусиянын министри Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

Орусиянын суу апаатынан жабыркаган Оренбург облусуна президенттин тапшырмасы менен 350 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Буга байланыштуу Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков Кыргызстандын элине жана кыргыз бийлигине ыраазычылык билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Куренков Кыргызстандын атынан гуманитардык жардамды жеткирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин полковник Алмазбек Асанов жетектеген кызматкерлери менен жолукту.

"Министр эң алды менен Кыргызстандын элине жана кыргыз бийлигине терең ыраазычылыгын билдирди" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпы 20 унаага жүктөлгөн гуманитардык жардамдын бир бөлүгү облустун Илек айылына, экинчи бөлүгү Оренбург шаарына бөлүштүрүлгөн.

25.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан