Республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов парламенттин бүгүн, 25-апрелдеги жыйынында билдирди.
Алардын ичинен:
"Сел кырсыктары 1092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөсүнө сел кирген. Алдын ала тактоолор боюнча 253 турак үй каанаттандырарлык абалды. 9 турак үй капиталдык оңдоону талап кылат. 2 турак үй жараксыз абалга келген. 7 социалдык объектини сел каптаган. Анын ичинен 1 объект жараксыз абалга келген. Мындан 300 кожолук эвакуацияланып, 14 жандык (7 жылкы, 3 ири мүйүздүү мал, 7 кой) селге аккан.
Азыркы учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп, материалдык чыгымдарды тактап жатышат", - деп билдирди Шамырканов.
Эске салсак, кечээ, 24-апрелде Сузак районуна, 23-апрелде Талас районуна, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген.