"Ала-Тоо" санаторийи Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү

Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо» санаторийи Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү. Бул жөнүндө министрликтен бүгүн, 26-апрелде кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган санаторий медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында берилген.
"Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат.
Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан