Париж Олимпиадасында теракт кылууну пландаган 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Францияда 16 жаштагы өспүрүм Олимпиада оюндары учурунда теракт жасоону пландаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Жашы жете элек француз жараны Telegram баракчасына бир катар билдирүүлөрдү жарыялап, ал жерден жардыргыч зат жасоо үчүн маалымат алууга аракет кылган", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Ошондой эле жаш жигит Ислам мамлекети уюмунун атынан шейит болуп өлгүсү келгенин айтканы айтылды.

Полициянын камагында болгон өспүрүм Олимпиада оюндары учурунда мылтык жана жардыргыч зат менен кол салууну пландаганын моюнуна алган. Анын бутасы Париждин четиндеги Ла-Дефенс району болгонун белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан