Баткенде Кайтпас-Өтүкчү унаа жолундагы көпүрөнү оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кайтпас-Өтүкчү унаа жолундагы 24,7-чакырымында орун алган көпүрөнүн оңдоо иштери менен жеринен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, узундугу 72 метрди түзгөн бул көпүрөнүн жараксыз абалга келген плиталарын жана таянычтарын алмаштыруу менен ондоп-түзөө жумуштары жазында башталган. Учурда жолдун интенсивдүүлүгүн эске алуу менен жаңы тирөөчтөрдү кайрадан куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

"Иштин жүрүшү менен таанышкан министрдин биринчи орун басары жумушту сапаттуу жана өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан