Бүгүн, 26-апрелде футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунун алкагында Вьетнам менен ойноду.
Оюн Бангкок шаарындагы "Бангкок Аренада" өтүп, 2:3 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады. Кыргыз курамасынан голдорду Максат Алимов, Шохрух Махмадаминов жана Данияр Талайбеков киргизишти.
Вьетнам курамасынын акыркы соккусу беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда болду жана ал дарбаза мамысына тийди.
Эми Кыргыз курамасы жолдомо үчүн 28-апрелде Ооганстанга каршы ойнойт. Дал ушул беттештин жеңүүчүсү Ташкентте өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утат.