Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген балыктар үчүн жем артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ветеринардык кызматтын Ак-Тилек чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстанга 22 миң 500 килограмм өлчөмүндө балыктар үчүн жем мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Орусияга артка кайтарылды.