Бишкек мэриясы шаар тургундары талкаланган жолдорду сүрөт-видеого тартып жөнөтсө болорун билдирди

Мындан ары Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчөлөрдөгү абал тууралуу, тактап айтканда, талкаланган, чөгүп кеткен, аң-чөнөк пайда болгон тилкелер тууралуу сүрөт жана видеолорду ыкчам байланыш номурларына жиберсеңиздер болот.
Транспорт, жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин шаардагы төрт районго жооптуу кызматкерлери маалыматты иргеп чыгышат. Андан соң райондук администрациялар "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен бирге жолдун талкаланган жерин оңдошот.
Байланыш номерлери:
Октябрь району, Азамат Осмоналиев, 0708 83 83 23, 0312 53 03 15;
Ленин району, Кубаныч Шаршембеков, 0555 31 21 85, 0312 53 03 15;
Биринчи Май району, Бакберген Мамыр уулу, 0500 500 257, 0312 53 03 15;
Свердлов району, Талант Бөрүбаев, 0707 65 17 17, 0312 53 03 15.
Калаа бийлиги жиберген ар бир кайрылуу караларын жана кемчиликти жоюу боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилерин убадалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан