Америкалык "Интер Майами" футболдук клубу "Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуну клубга алуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат.
Журналист Абдулазиз Аль-Осаиминин айтымында, "Интер Майами" клубунун президенти Дэвид Бекхэм португалиялык жылдыздын MLS клубуна өтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
"Бекхэмге Роналду менен аргентиналык чабуулчу Лионель Мессини бир клубга бириктирүү идеясы жагат", - деп жазды ал.
Эске салсак, 2022-жылы күзүндө Роналду «Манчестер Юнайтедде» ойногон кезде маалымат каражаттары Бекхэм португалиялык чабуулчу менен буга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.
2023-жылдын башынан бери Роналду Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойноп келет. 39 жаштагы португалиялык чабуулчунун учурдагы келишими 2024/2025 сезонунун аягына чейин түзүлгөн.