Япониялык дирижёр Бишкек тургундарына өнөр тартуулады

Бишкек шаарында Япониядан келген атактуу маэстро Кеничи Симуранын жетекчилиги астында “Аниме симфониялык Япония” аттуу концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, музыкант менен бирге Япониянын белгилүү ырчысы Хироки Масайян келген. Концертти Нур Өмүрбаев жетектеген Чоро Кожомжаров атындагы чоң эстрадалык-симфониялык оркестри коштоду.
Бул маданий иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Япониянын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Годе Хидеки жана Монголия, Өзбекстан, Казакстандын элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле япон музыка сүйүүчүлөрү катышты.
"Тимурлан Ажымалиев Кеничи Симурага шаар тургундарына тартуулаган талантына ызаат кылып, кыргызстандык музыкант, гобойчу Жусупов Кубанычбек Кундузовичке да ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан Кеничи Симурага "Ыраазычылык катын", ал эми Кубанычбек Жусуповго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды" деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: "Аниме симфониялык Япония” - Aim Village компаниясы тарабынан түзүлгөн эл аралык музыкалык долбоор.
Япония - аниме музыкасын жогорку искусство деңгээлине көтөргөн өлкө. Алар мыкты композиторлор тарабынан жазылып, мыкты музыканттардын аткаруусунда алдыңкы студияларда жазылып, ырдалып келет. Алардын сап башында Кеничи Симура турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан