"Кеңеш" тобу: "Жеке концертибизди койсокпу деген ойдо турабыз"

"Кеңеш" тобунун солисти Мүзүр Мамбетов быйыл концерт берүүнү пландап жатышканын SUPER.KG порталына маек бергенде билдирди.

"Социалдык тармактагы жеке баракчаларыбызга күйөрмандар "эмнеге концерт койбойсуңар, эмнеге жаңы ырлар жок, эмнеге...?" деп кайрылып жатышат. Быйыл күйөрмандарыбызга жаңы ырларды туртуулайбыз, 2-3 ыр даяр болуп калды. Жеке концертибизди дагы койсокпу деген ойдо турабыз", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, Мүзүр Мамбетов жана анын жубайы Гүлмира Шариповадан түзүлгөн "Кеңеш" тобу "Кызыл гүл", "Нике кайып", "Карагат", "Сирень гүлү", "Ак жамгыр" жана башка ырлары менен элге таанылган.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан