Кечээ, 6-май күнү ФИФАнын расмий сайтында футзал боюнча улуттук курамалардын тарыхтагы алгачкы рейтинги чыкты.
Ага ылайык, футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы 41-орунду ээледи. Улуттук кураманын капчыгында 1091,36 упай бар.
Ал эми АФК зонасында курама 10-орунда.
Эске салсак, буга чейин улуттук курамалардын рейтингин futsalworldranking.com сайты чыгарып келген.