"Бир айдан кийин Кыргызстан менен оюн". Малайзиялык футболчуга кислота чачып кетишти

Футбол боюнча Малайзия улуттук курама командасынын жылдызы, 26 жаштагы Фейсал Халимге кол салуу болду. Бул тууралуу CNN басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ага 5-май күнү кечинде Куала-Лумпурдагы соода борбордун жанында белгисиз адамдар кислота чачып кетишкен. Ал оор, бирок туруктуу абалда ооруканага түштү. Ага эми операциялар жасалат.

Анын бети, моюну, далысы, колу жана көкүрөгү катуу күйүк алган.

Белгилей кетсек, 6-июнда Малайзия курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Кыргыз курамасы менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан