Эр эңиш боюнча өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Жеңиш күнүнө арналган эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы байге фонду 500 миң сомду түзгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Анда ар бир салмак ченинде 1-орунду алгандарга 28 миң сом, 2-орундун ээлерине 18 миң 666 сом жана 3-орунду багындыргандарга 10 миң сом тапшырылган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 килограмм салмак ченинде:
1-орун Нургазы Русланбек уулу (Чүй);
2-орун Элдияр Айдарбек уулу (Нарын);
3-орун Бекбай Шеримбеков (Жалал-Абад);
3-орун Бекжан Сулайманов (Бишкек).

70 килограммда:
1-орун Элдар Мырзабек уулу (Жалал-Абад);
2-орун Балбай Айдарбек уулу (Нарын);
3-орун Кыдымбек Кемелбек уулу (Талас);
3-орун Акылбек Сагынбеков (Талас).

80 килограмм салмакта:
1-орун Нурбол Бактияр уулу (Талас);
2-орун Арзыматов Жумадилов (Чүй);
3-орун Байтик Кеңешов (Талас);
3-орун Аманбай Шайдин уулу (Нарын);

90 килограммда:
1-орун Амантур Мунур уулу (Талас);
2-орун Сыргак Арстанбек уулу (Ош);
3-орун Талант Байбосунов (Чүй);
3-орун Ханболол Раимбердиев (Жалал-Абад);

100 килограмм салмак ченинде:
1-орун Турдукул Абдырахманов (Ош);
2-орун Аскат Алишеров (Ош шаары);
3-орун Темирбек Ибрагимов (Чүй);
3-орун Кумарбек Адилет уулу (Жалал-Абад).

100 килограммдан өйдөкү салмакта ченинде:
1-орун Фархат Камчыбек уулу (Чүй);
2-орун Манас Кылычбек уулу (Жалал-Абад);
3-орун Кайырбек Мухтаров (Талас);
3-орун Нуркан Мамбеталиев (Талас).

Ошондой эле аталган департамент "Жеңиш кубогу-2024" аталышындагы мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан келген 50дөн ашык спортчу катышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан