Жаштар арасындагы жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Билдиргендей, өлкөнүн жаштар жана кадеттер арасындагы курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн турнирде 7 коло медалга ээ болушкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Ошондой эле аталган департамент Азия чемпиондугу 3-майда башталып, 8-майда жыйынтыкталганын, мелдешке 30га жакын өлкөнүн спортчулары катышканын кошумчалады.