Бала кезибизден бери ар бирибиз келечекте кайсы кесиптин ээси болом деп ойлонобуз. Адамдар бой жеткен сайын кесип темасына аң-сезимдүү мамиле жасай башташат, бирок кесипти кантип туура тандоо керек? Жаш муундарга бул татаал маселеде жардам берүү үчүн Beeline Кыргызстан мобилдик оператору жана Enactus Коомдук бирикмеси карьералык мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүндө өз ордун табууга жардам берген «Кесипке багыттоо» аталышындагы уникалдуу онлайн долбоорун иштеп чыгышты.
Beeline мектеп окуучуларын, студенттерди жана баласынын келечектеги кесибин тандоосуна жардам берүүнү каалаган ата-энелерди «Кесипке багыттоо» сайтын карап чыгууга чакырат. Бул жерден сиз кесиптер, өзүн-өзү өнүктүрүү жана эмгек рыногундагы учурдагы тенденциялар тууралуу маанилүү маалыматтарды таба аласыз. Сайтта төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:
— Кесип тандоо — бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам, — деп баса белгиледи Beeline Кыргызстандын Башкы директору Андрей Пятахин. — Ар бир адам жумуш киреше гана алып келбестен, ырахат тартуулап, тандаган тармагында өнүгүүнү алып келишин каалайт. «Кесипке багыттоо» долбоору көптөгөн жаш кыргызстандыктарга кайсы кесипке шыктуу экенин табууга жардам берет деп ишенебиз.
«Кесипке багыттоо» сайты дайыма өнүгүп жана жаңы мазмун менен толукталып турат. Эң көп талап кылынган кесиптер жөнүндө көбүрөөк билип, келечектеги карьераңызга азыр кам көрүңүз!
Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!