Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-майда милицияга 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Төмөнкү Ала-Арча айылында №192 кичиавтобуста бара жатып күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 900 доллар жана 55 миң сому бар капчыгын уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1991-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.