"Робо, бери келсең". Словакиянын премьер-министрин аткан адамдын өздүгү аныкталды

Полиция Словакиянын премьер-министри Роберт Фикону атып салган адамдын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу Телеграм каналдар жазышууда.

Полициянын маалыматы боюнча, ок аткан 71 жаштагы Левице шаарынын тургуну, белгилүү словакиялык жазуучу Юрай Чинтула болгон. Ал негизги ишмердүүлүгүнөн тышкары өлкөнүн либералдык партиясынын активисти болгон.

Өлтүрүү аракетинин алдында ал премьер-министрге "Робо, бул жакка келсең" деп кыйкырып, андан кийин ага үч жолу ок чыгарган. Октор премьер-министрдин көкүрөгүнө, ашказанына жана колуна тийген.

Учурда анын абалы өтө оор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан