"Фаворит жок". Эрназар Акматалиевдин Олимпиададагы атаандаштары кимдер? (тизме)

Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуунун акыркы турнири аяктады.

Финалдык турнирде ар бир салмак категориясында үчтөн лицензия ойнотулуп, андан соң 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын толук курамы белгилүү болду.

Эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта акыркы үч лицензияны Ислам Дудаев (Албания), Тимур Очир Тулга (Монголия) жана Зейн Ретерфорд (АКШ) алды.

Бул салмак категорияда так бир балбанды фаворит деп айтуу кыйын. Себеби ар бир турнирде ушул салмак категорияда ар башка балбандар чыга калууда. Мисалы, Дүйнө чемпиондугунда эч ким күтпөгөн пуэрто-риколук Себастьян Ривера. Ал финалга чейин жетип, венгриялык Исмаил Мусукаевге утулуп калган.

65 килограмм салмакта Олимпиадага кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дагы катышат. Ал лицензияны Бишкекте өткөн турнирде жеңип алган.

65 килограмм салмакта Олимпиадага бара турган балбандардын тизмеси: Исмаил Мусукаев (Венгрия)
Себастьян Ривера (Пуэрто-Рико)
Шамиль Мамедов (AIN, Орусия)
Вазген Теванян (Армения)
Рахман Амузадхали (Иран)
Остин Гомес (Мексика)
Алехандро Вальдес (Куба)
Георгий Окороков (Австралия)
Гаку Аказава (Самоа)
Годердзи Дзебисашвили (Грузия)
Хаджи Алиев (Азербайжан)
Котаро Кийока (Япония)
Эрназар Акматалиев (Кыргызстан)
Ислам Дудаев (Албания)
Тимур Очир Тулга (Монголия)
Зейн Ретерфорд (АКШ).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан