Ырчы Аскат Жетиген абакта ток менен кыйноого кабылганын айтып чыкты

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген бүгүн, 23-майдагы сот отурумунда аны абакта күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирди. Бул тууралуу "Азаттык"сайты жазды.

Маалыматка караганда, акын 20-мартта кармалгандан кийин ток менен бир саат бою кыйнашканын, бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан. Ошондой эле ал бүгүнкү отурумда көрсөтмө берип, коюлган айыптарга макул эместигин билдирген.

Кийинки отурум 28-май саат 11:00гө белгиленди. Анын ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-майда башталган. Кечээ ага айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилген.

Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталууда.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан