Садыр Жапаров "Алтын Балалык" борборуна барды

Бүгүн, 25- майда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексине барып, модернизациялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Садыр Жапаров балдарды дарылоо жана ден соолугун чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал медициналык мекемелерди өнүктүрүүгө, жабдууларды модернизациялоого жана квалификациялуу адистерди даярдоого мамлекет өзгөчө көңүл бурууну улантарын айтып өттү.

Президент жеринде балдар жашай турган бөлмөлөрдү, дарылоо корпусун, физиотерапия кабинеттерин, ашкана жана туз бөлмөсүн да көрүп чыкты.

Айта кетсек, күздөн баштап мекеме жыл бою кызмат көрсөтүүгө өтөт. Мурда комплексте бир эле учурда 400 бала жайгаштырылса, учурда 800 бала бар. Бардык керектүү инфратүзүмдөр каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан