ЖЫЛНААМА, 7-ИЮНЬ: Ырчы Гүлзат Батырканова көзү тирүү болгондо 51 жашка чыкмак

Бүгүн ырчы Гүлзат Батырканова арабызда болгондо 51 жашка толмок. Ал 1973-жылы 7-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Өлкөнүн Эл артисти Шахра Талипованын кызы.

Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу бала кезинде эле ойгонгон. 7-8-класска келгенде "Жаш кыял" эстрада ансамблине кирет. Ансамблде Гүлнур Сатылганова, Эрик Кадырбаев, Роза Аманова менен чогуу ырдаган. "Мен окуган мектеп менен маданият үйүнүн аралыгы 200 метрдей болчу. Сабакта отурсам да окууга көңүл бөлбөй, терезеден маданият үйүн тиктеп, кыялданып "качан сабак бүтүп, репетицияга барат экенмин" деп отурчумун", - деп "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде айтканы бар.
Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетине тапшырып, журналистика факультетин бүтүргөн.
Гүлзат Батырканова 1995-жылы Мурат аттуу аскер адамына турмушка чыгып, 1 кыз, 1 уулдуу болушкан. Ырчы Коргоо министрлигинин алдындагы оркестрде эмгектенген. Анын репертуарындагы ырлары - "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Торгоюм" жана башкалар.
Коомдук биринчи каналда "Сармерден" шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенген.
Гүлзат Батырканова 2015-жылдын 2-январында жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Кызыл-Дыйкан айылына коюлган.

7-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан