Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер боюнча комитети эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды.
Ошондой эле жыйында депутаттар Гуля Кожокулова менен Мейкинбек Абдалиев мурунку министр Гүлнара Баатырова эмне себептен кызматынан кеткендигин жана кайсы кызматка дайындалып жатканын сурашты.
Буга парламенттеги Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытов кайсы кызматка барары белгисиз экенин айтып жооп берди.
Буга чейин Полотованын талапкерлиги парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралып, талкуусуз жактырылган.
Белгилей кетсек, 7-июнда Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу. Ал эми бул кызматты аркалап келген Гүлнара Баатырова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы айтылган.