Африкада вице-президент отурган учактын сыныктары табылды

Куткаруучулар Малавинин вице-президенти Саулос Чилима жана башка саясатчылар отурган учактын сыныктарын табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учактагылардын арасында республиканын мурдагы биринчи айымы да бар болгон.

Учакта Чилимадан тышкары тогуз адам болгон. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй радардан жоголуп кеткен. Малави бийлиги учак кырсыгы жана жүргүнчүлөрдүн өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады.

Малави Түштүк-Чыгыш Африкадагы деңизге чыга албаган өлкө. Өлкөнүн олуттуу бөлүгүн ошол эле аталыштагы көл ээлейт. Мамлекет Танзания, Замбия жана Мозамбик менен чектешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан