Бишкекте 14 миң долларлык мотоцикл уурдалган. Милиция шектүүнү кармады

Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, 26-майда М.М. аттуу жаран Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал болжол менен саат 02:00 чамасында үйдүн короосунда кулпу менен бекитилип турган 14 000 долларлык (арыз ээсинин баасы) Suzuki 7 үлгүсүндөгү ак-кара түстөгү мотоциклин жашыруун түрдө уурдап кетишкенин билдирген.
Көрүлгөн чаралар менен Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери бекитилген аймакта кайгуул жүргүзүү учурунда шаардагы унаа оңдоочу жайлардын (ТТС) биринен мотоциклди таап, кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүшкөн.
Кармалган жаран 1989-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.М. болгон. Ал Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан