Анжелика Кайратова туулган күнүндө китебинин бет ачарын өткөрөт

Бүгүн, 12-июнда ырчы Анжелика Кайратова туулган күнүн белгилейт. Ал өздүк майрамында автордук китебинин бет ачарын өткөрөрүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"12-июнда көптөн күткөн “12” аталышындагы китебимдин бет ачары жана туулган күн майрамымды белигилейм", - деп жазган. Ошондой эле кеченин конокторун атап, Омар, Абир Касенов, Айымка, MSY, Казакстандын белгилүү ырчысы Кентал хит ырлары менен кубандырарын билдирди.

Ырчы айым иш-чара өзгөчө болот дейт. "Бул иш-чара уникалдуу болот, анткени ал 10 жылдык узак тыныгуудан кийин болуп жатат. Пландаштырылган көчүрүү жана жаңы бизнес-долбоорлор, ошондой эле кайрымдуулук демилгелеринен улам кийинки концерттер кийин гана мүмкүн болот", - деп билдирүү калтырган ал.

Ырчы айым өздүк майрамын алгач үч кызы куттуктап, белектерин бергенин да Инстаграм баракчасына жазып калтырды. "Ширин кыздарымдын ширин белектери, ширин куттуктоолору 12-июндун алгачкы мүнөттөрүндө" деген ал.

Ырчы Анжелика Кайратова 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбордогу №38 орто мектептен аяктаган. 2007-2013-жылдары КГУСТАнын Жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.

Анжелика 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2005-жылдын супер ырчы айымы”, "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон. Репертуарында "Сагыныч", "Бактылуумун", "Жашоо керемет", "Сени ойлосом", "Эрке кызым" жана башка ырлары бар. Үч кыздын апасы. Кызы Айыма апасынын жолун жолдоп чыгармачылык чөйрөнүн өкүлү.

12-июнга карата жылнаама.

12.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан