Сузактагы “Бек-Абад” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды (видео)

Жалал-Абад облусундагы “Бек-Абад” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы "Бек-Абад-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандардан жана ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Алар колдонуудагы көрсөтмөлөрдү бузуу менен материалдык компенсация төлөп, мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө активдүү көмөктөшкөн.

26-июнда өткөрүү пунктунун кезмет башчысы А.А., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан анын айрым кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалды.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга Чек ара кызматынын башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, “Бек-Абад” көзөмөл-өткөрүү пункту 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта өз ишин жанданткан.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан