Измирдин Торбалы районундагы ресторанда өнөр жай түтүктөрү жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Басылмалар маалымдагандай, жарылуудан 5 адам каза болуп, 63 адам жарадар болгон. Окуя боюнча жүрүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында суу түтүгүн алмаштырган адам кармалды.
Ал эми экипаждар коопсуздук үчүн аймактагы бардык газ түтүктөрүн кесип салышкан.
Түркиянын Башкы прокуратурасы Измирдин Торбалы районундагы ресторанда болгон жардыруу боюнча соттук териштирүү иштерин баштады.