Айыл чарба министрлиги алты айда канча мал экспорттолгонун айтты

Ушул жылдын алты айында жалпы 124 миңден ашуун мал жандык экспорттолду. Бул боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Белгилүү болгондой, экспортко чыккан малдын ичинен 65 миң 925 бодо мал болсо, 53 миң 933ү кой-эчки, 4 миң 691и жылкы болгон.

Ошондой эле бул аралыкта республикага 8528 бодо мал импорт болгон. Анын ичинен 7488и кой-эчки болсо, 2561и жылкы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан